Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өзгөчө кырдаал режимин дагы 3 айга узартты
Новость www

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген эл аралык өзгөчө кырдаал режимин дагы 3 айга узартты. Бул тууралуу ДССУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болду. Комитеттин мүчөлөрү пандемия дагы деле болсо коомдук саламаттык сактоонун өзгөчө кырдаалы экендигине бир добуштан макул болушту. 

Комитет ДССУнун башкы директору Тедрос Гебрейюска бул режимди узартууну сунуш кылды. Гебрейюс өз кезегинде макул болду. Жолугушууда ДССУнун лидери жаңы пандемия тууралуу оюн: «Бул илдет 100 жылда бир болуп туруучу кризисти чагылдырат жана анын кесепети ондогон жылдар бою сезилет», — деди. Гебрейюс айткандай, учурда көптөгөн көйгөйлөр чечилди. Бирок дагы деле чечилиши керек болгон маселелер арбын. 

Комитет Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна пандемияга каршы күрөштө эл аралык жана аймактык уюмдарды координациялоону жана мобилизациялоону сунуш кылды. Бул жолугушуу пандемия башталгандан бери 18 эксперт жана 13 консультанттан турган ДССУнун өзгөчө кырдаалдар комитетинин 4-отуруму болду.