Ысык-Көл облусундагы эс алуучулардын кыймыл-аракети менен оорунун көбөйүшүнүн ортосунда түздөн-түз байланыш бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, өткөн аптада илдет жуктургандар көбөйдү. Ал жергиликтүү тургундардан жана эс алуучулардан аралыкты сактоону жана зарылчылык болбосо киши топтолгон аймакка барбай турууну суранды. Себеби, вирус жуктургандар көбөйсө аймактагы эс алуучулар гана жабыркабастан, саламаттыкты сактоо мекемелери менен дарыгерлерге оорчулук жаралат. Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көлдө 2 миң 873 учур катталган.