Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 18 миллион адамдан ашты
Новость KTRK/videograp

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 18 миллион адамдан ашты. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн. Жалпысынан дүйнөдө COVID-19дан 692 миңден ашуун адам көз жумду. Мындан улам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы коронавирус пандемиясы дагы көпкө чейин созула турганын билдирген. Себеби, көп өлкөлөр эң оор күндөрдү артка калтырдык деп эсептешкен, бирок учурда жаңы толкун менен күрөшүүгө аргасыз болушууда.

Коронавирус пандемиясынын тарап жатканына көзөмөл жүргүзгөн Worldometers сайтынын маалыматы боюнча, 3-августка карата дүйнө жүзүндө 18 миллиондон ашык адам ооруну жуктуруп алганы аныкталды. Жугуштуу тумоодон 692 миң 894 адам каза болсо, ооруну жеңгендердин саны 11 миллиондон ашты. Учурда 6 миллион 97 миң 495 адам дарыланууда. Алардын 65 миңден ашыгынын абалы оор бойдон.

3-августка карата COVID-19дун дүйнөлүк статистикасы:

Жуктуруп алгандар - 18 240 644; 
Каза болгондор - 692 894; 
Айыгып чыккандар - 11 450 255; 
Дарыланып жаткандар - 6 097 495; 
Абалы оорлор - 65 736; 

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, АКШ дүйнөдө коронавирустан эң жабыркаган өлкө бойдон калууда. Кошмо штаттарда тумоону жуктуруп алгандардын жалпы саны 4,5 миллиондон ашты. Экинчи орунда Бразилия - тумоого 2 миллион 733 миң 677 адам чалдыккан, ал эми үчүнчү орунда Индия - бул мамлекеттин бир жарым миллиондон ашык адамынан коронавирус аныкталган. Россия төртүнчү, Түштүк Африка бешинчи орунга чыкты. Ошондой эле пандемиянын тарашы боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына Мексика, Перу, Чили, жана Испания мамлекеттери кирет.

COVID -19 дүйнөдө:
АКШ - 4 813 647; 
Бразилия - 2 733 677; 
Индия - 1 807 222; 
Россия - 850 870; 
Түштүк Африка - 511 485; 
Мексика - 439 046; 
Перу - 428 850; 
Чили - 359 731; 
Испания - 335 602; 

Ал эми COVID-19 диагнозу менен каза болгондордун сап башында дагы деле АКШ турат. Бул мамлекетте жалпы 158 миң 365 адам өлүмгө дуушар болду. Экинчи орунда Бразилия - вирустан көз жумган жарандарынын саны 94 миң 130га жетти. Ал эми бул жолу өлүм көп катталып жаткан мамлекеттердин ичинен үчүнчү орунга Мексика чыкты. Аталган өлкөдө тумоодон 47 миңден ашык адам каза болгон. Кийинки сапта турган Улуу Британияда 46 миң 201 киши көз жумду. Индияда жалпы 38 миң өлүм катталса, Испанияда 28 миңден ашык адам кайтыш болду. Коронавирустун кесепетинен Перуда 19 миң 614 адам, Иранда 17 миң адам каза болгон. Россияда болсо оорудан көз жумгандардын саны 14 миңден ашты.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн ичинен Кыргызстанда 3-августка карата жаңы 410 учур катталды. Ошону менен жалпы өлкө боюнча коронавирусту жуктургандардын саны 37 миң 129га жетти. Коңшу өлкө Казакстанда КОВИД-19 инфекциясы менен 92 миң 662 адам ооруп жатат. Өзбекстанда болсо, жугуштуу тумоону жалпы 25 миң 828 адам жуктурган. Ошондой эле Тажикстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 7 миң 495 кишини түздү.