ӨКМ өлкөдөгү дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат берди - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Өлкө боюнча 163 900 погондук метр унаа жол, 60 983 чарчы метр имарат дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, ошондой эле министрлик тарабынан жалпы 2627 адамга ысык тамак-аш берилген. “112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 4995 чалуу катталып, анын ичинен 66 коронавирус боюнча чалуу түшкөн. Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпиталда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө, гуманитардык жардамды жерине жеткирүүгө ӨКМ тарабынан 320 кызматкер жана 41 унаа тартылган.