Акыркы суткада өлкөдө 816 адам коронавирустан айыкты - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Акыркы суткада өлкөдө 816 адам коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. 

Айыккандардын 217си Бишкек шаарында, Жалал-Абад облусунда 158, Ысык-Көл облусунда 110, Чүй аймагында 93, Таласта 64, Баткенде 59, Ош облусунда 56, Ош шаарында 39 жана Нарын облусунда 20 бейтап үйлөрүнө чыгарылды. Ошону менен жалпы Кыргызстанда 28 743 адам коронавирусту жеңди.