Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
Бишкек ш. – 2
Ош ш. – 4
Жалал-Абад облусунда – 7
Ош облусунда – 5.
Баткен облусунда – 2
Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 36 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2874 учур катталды, алардын ичинен 1934 медкызматкер айыкты.