Өлкөдө абал жакшырганы менен илдет жеңиле элек - Кыргызстан жанылыктары
Новость KTRK/videograp

Соңку эки аптанын ичинде коронавирус жуктургандарга караганда тумоодон сакайып чыккандардын саны өскөнү байкалды. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, акыркы бир сутканын ичинде коронавирус жуктурган жаңы 569 учур катталса, бир күндө 767 бейтап айыгып чыкты. Ушуну менен кооптуу тумоодон сакайгандардын жалпы саны 29 миң 510 адамга жетти.