Россияда бет кап кийүү режими катуу көзөмөлгө алынууда
Новость www

Орусия бийлиги коронавирус пандемиясын алдын алуу максатында бет кап кийүү режимин катуу көзөмөлгө алды. Анткени коомдук транспортто жана дүкөндөрдө бет капсыз жүргөндөр көбөйүп, пандемияга кайдыгер мамиле жасоодо.



12-майдан тарта бет кап кийүү тартиби киргизилгенден бери Орусияда коомдук транспорттун бет капсыз болгон 42 миңге жакын жүргүнчүсү жоопко тартылып, 5 миң рубль айып пул салынган.


Жалпылап айтканда өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташууда. Акыркы күн ичинде инфекция жуктурган 5 миң 159 жаңы учур катталып, 144 бейтап каза болгон.