Түркмөнстанда бет капсыз жүргөн жарандар айыпка тартыла баштады
Новость www

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. Ага ылайык, полиция беткапсыз адамдарды кармап, дароо ички иштер бөлүмүнө алып барып, ал жерде аларга 17 доллар айып салууда. Ошондой эле кармалгандар мындан ары көчөдө бет капсыз жүрбөй тургандыгы жөнүндө түшүнүк кат жазышат. 

Мындан тышкары бет капсыз айдап бара жаткан айдоочулар дагы полицияга жеткирилет. Аларга кошумча 14 доллар айып салынат. Расмий маалыматтарга караганда, Түркмөнстанда дагы эле коронавирус жок. 

Бирок өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарга «абадагы чаңдын көптүгүнөн» бет кап кийип, социалдык аралыкты сактоону сунуш кылып келет.