29-август күнү коронавирус илдетинен каза болгондор эскерилип, “Шам күйгүзүү” зыйнаты өтөт
Новость KTRK/videograp

29-август күнү Бишкек мэриясы таажы илдетинен каза болгондордун урматына “Шам күйгүзүү” зыйнатын өткөрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Саат 21:30да бардык үйлөрдө жарык өчүрүлүп, терезелер ачылып, шам жагылат. Беш минутка созулган тынчтык сакталат. Ошондой эле, шаардын айрым ири көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт. Алар Чүй проспектиси, Бейшеналиев, 7-Апрель, Айтматов, Ахунбаев, Киев жана Ибрагимов көчөлөрү.

“Оору ар бир үй-бүлөдөн жакындарыбызды алып кетти. Илдет менен ырайымсыз күрөштө биз жоготкон адамдардын элесине ар бир терезеде шам күйүп турсун. Сураныч, терезеңизге жарык чачыңыз, ал эскерүү менен үмүттүн жаркыраган символу болсун” деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө. Бишкек шаарынын мэриясы COVID-19дан курман болгондордун жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат.