Бүгүнкү күндө коронавируска каршы 200дөн ашуун вакцина иштелип жатат. Анын ичинен 6 вакцина потенциалдуу вакцина катары клиникалык сыноодон өтүп жатат. Мындай маалыматты Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун директору Тедрос Аданом Гебреисус АКШнын Аспен шаарында өткөн онлайн-талкууда билдирген.
"Бизде 200дөн ашуун вакцина коронавируска каршы күрөшүү үчүн изилденип жатат. Алардын ичинен 6 вакцина жакшы жыйынтык көрсөтүп, клиникалык сыноодон өтүүдө", - деген ал.
Ошондой эле ал вакцина бардыгына жеткиликтүү болушун камсыздоого көңүл буруу зарылчылыгын кошумчалаган.