Кыргызстанда дагы 541 адам коронавирустан айыгып чыкты
Новость www


Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 67 киши, Ош шаарында – 100, Чүй облусунда – 59, Ош облусунда – 96, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 15, Ысык-Көл облусунда – 83, Жалал-Абад облусунда – 81, Баткен облусунда 22 бейтап тумоодон сакайды. 

Ошентип өлкөдө вирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 31 миң 822 кишиге жетти.