Кыргызстанда коронавирусту экинчи ирет жугузуп алгандар жок
Новость www

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев билдирди. Анын айтымында илдеттен айыккандан эки апта өткөндөн кийин организм вирусту алып жүрүүчү болуп саналбай калат. 

Бүгүнкү күндө өлкөдө кайталап ооруган учурлар катталган жок. «КОВИД менен ооруп айыккан кишиде вируска каршы иммунитет пайда болот. Адамда жөн гана иммунитет эмес, иммундук эске тутум иштелип чыгат. Жадагалса бир ай, бир нече жылдан кийин кайрадан вирус жугузуп алуу коркунучу пайда болсо организм вирусту таанып, коргонууга өтөт. Эгер жукса да оорунун жеңил формасында өтөт” - деп билдирди Сооронбаев. 

Адистердин айтымында, коронавирус менен кайрадан ооруган бейтаптарда айрым гана белгилер болушу мүмкүн; мисалы чарчоо, баш оору, булчуң оорулары жана башкалар. Мындай учурда кайрадан дарылоо талап кылынбайт. Бирок адам алдын ала саламаттыгына кам көрүп, тамак-ашты жакшы ичип, иммунитетин чыңдап жүрсө андай учур байкалбай эле өтүп кетиши мүмкүн.