COVID-19: Дүйнө жүзүндөгү абал кандай?
Новость www

Аалам коронавирус менен алышууда. Пандемия башталгандан бери илдет планетанын 20 миллиондон ашык жашоочусуна жуккан. Вирус козгогон өпкө ооруларынын кесепетинен 732 миңден ашуун адам көз жумуп, 12,8 миллиондон ашык бейтап сакайды. Мындай маалыматты эл аралык ыктыярчылар тобуна таянып чет элдик басылмалар жазды. 

Маалыматка караганда 10-августка карата, пандемия башталгандан бери дүйнө жүзү боюнча 20 024 263 бейтапка инфекция жуккан. Такталган диагноз менен COVID-19 илдетинен каза болгондордун саны 734 миң адамга жетти . Экинчи жагынан, дээрлик 12,9 миллион адам инфекцияны жеңе алды. 

Роберт Кох Институту , Германияда коронавирустун жаңы 436 учуру аныкталгандыгын билдирди. Аны менен Германияда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 216 миң 327 адамга жетти. Акыркы суткага карата бир бейтап көз жумуп, пандемия башталгандан бери 9 197 адам каза тапты. Жаңы Зеландияда 100 күндөн бери коронавирус аныктала элек. 

Ошого карабастан, өлкө бийлиги тургундарды сак болууга үндөйт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин Жаңы Зеландияда инфекциянын жалпы 23 учуру катталды. Орусия Түркиянын курорттук аймактары болгон Анталия, Бодрум жана Даламан шаарларына жүргүнчү каттамдарын жандандырат. Өкмөттүн чечими боюнча, биринчи этапта Москва, Санкт-Петербург жана Ростов-на-Дону шаарларынан гана учак каттайт