“Семетей” госпиталында бейтаптардын саны азайды
Новость KTRK/videograp

Манас аэропортунун жанында жайгашкан “Семетей” госпиталында бейтаптардын саны кыскарды. Азыркы тапта мында 8 гана бейтап дарыланып жатса, алтысы жандандыруу бөлүмүндө. 

Буга байланыштуу андагы 5 корпус жабылып, бири эле иштеп жатат. Анткени, бейтаптардын көпчүлүгү сакайып, үйлөрүнө чыгарылган. Өткөн аптада кайрылгандар болгон эмес. 

Бирок, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери экинчи толкунга даяр туруу үчүн бош калган имараттарда залалсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатышат. Жугуштуу оорулар менен кайрылгандарга жардам берүү үчүн бул жерде атайын адистештирилген дарыгерлер иштешет.