Бирдиктүү covid.kg расмий сайты жаңыланды - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

www.covid.kg бирдиктүү расмий сайты жаңыланды. Бир катар жаңы ситемалар ишке киргенин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов "Ала-Тоо 24" каналынын “Кеч эмес” берүүсүндө билдирди. 

Сайттан акыркы расмий маалыматтарды, күнүмдүк статистиканы, эмпидемиологиялык кырдаал боюнча жаңыланып турган маалыматтарды алса болот. Ошондой эле сайтта атайын блок иштелип чыкты. Анда тумоого каршы күрөшүүгө түшкөн акча каражаты, гуманитардык жардамдардын бөлүштүрүлүшү боюнча отчеттор камтылган. 

Мындан тышкары коронавируска карата тапшырган анализдердин жыйынтыгын телефон аркылуу биле турган система дагы ишке киргени жатат. “Система даяр, операторлор менен сүйлөшүүлөр болуп жатат”, - деди Алтынбек Исмаилов.