Бишкектеги “Семетей” госпиталы жабылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
“Семетей” госпиталынан коронавирус менен ооруган акыркы 8 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Жалпысынан стационар 47 күн иштеди. Бул аралыкта стационарга бир жарым миң бейтап жаткырылса, анын 300гө жакыны реанимацияда дарыланды.
Штабдын маалыматына караганда, учурда күз-кыш мезгилине, коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрүү иштери улантылып жатат.