15-августка карата Бишкектеги стационарларда 333 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Улуттук фтизиатрия борборунда - 19, Темир жол ооруканасында - 44, Улуттук хирургия борборунда - 26, Улуттук госпиталда - 28, №2 төрөт үйүндө - 46, Кыргыз мамлекеттик медакадемиянын медициналык борборунда - 11, Улуттук кардиология жана терапия борборунда - 13, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 146 бош орун бар.