Кыргызстанда бир күндө COVID-19 инфекциясынан, пневмонияны эсепке алганда 329 кыргызстандык сакайып чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, Бишкекте 29 киши, Ош шаарында – 33, Чүйдө – 33, Ош облусунда – 67, Таласта – 6, Нарында – 13, Ысык-Көлдө – 62, Жалал-Абадда – 55, Баткенде 31 бейтап COVID-19 илдетинен айыкты. Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 33 миң 951ге жетти.