Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 21 миллиондон ашты
Новость www

Дүйнөдө коронавирус жуктургандар 21 млн 067 миң адамга чамалады. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин статистикалык маалыматында айтылды. 

Алардын ичинен 13 044 377 адам илдеттен айыкса, оорунун кесепетинен 762 997 бейтап көз жумду. Бейтаптардын көбү − Америкада, бул өлкөдө вирус жуктургандардын саны 5,3 млн, экинчи орундагы Бразилияда 3,2млн жана Индияда 2,4 млн адам илдет жугузган. Айрым өлкөлөрдө карантин чаралары кайрадан күчөтүлүүдө. 

Эксперттер эгер эл эрежелерди сактабаса, вирус кетпей турганын, дүйнө «апаатта» каларын эскертти. Ал арада, дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун тамак-аш аркылуу тарай турганын тастыктаган далилдер жок экенин, вирусту тамактан жуктуруп алам деп коркуунун кажети жок экенин билдирди.