Казакстан карантин чараларын жумшарта баштады
Новость

Казакстан бийлиги вирус жуктурган учурлар азайганына байланыштуу карантин чараларын жумшарта баштады. Бүгүнтөн тарта борбор калаа Нур-Султанда бир катар мекемелер иштей баштайт. 

Алар — тейлөө борборлору, дүкөндөр, тамактануу жайлары, финансы мекемелери. Анткен менен бардык жарандар бет кап кийүү, аралыкты сактоо, антисептикалык каражаттарды пайдалануу сыяктуу санитардык эрежелерди кармоого милдеттүү. Ал эми иштөөсүнө тыюу салынган тармактардын катарын мурдагыдай эле массалык эс алуу жайлары, мончо, СПА-салондор, түнкү клубдар түзөт. Ошондой эле той-топурга дагы уруксат берилбейт. 

Эскерте кетсек, Казакстанда 5-июлдан тарта катаал карантиндик чектөөлөр коюлган. Өлкөдө март айынан бери 102 696 кишинин коронавирус жуктурганы лабораториялык түрдө тастыкталган жана 1 397 киши өлгөн. Августтун алгачкы 15 күнүндө 18 465 адам вирустук пневмонияга кабылып, 216 киши кайтыш болгон.

Ошондой эле Казакстанга кирүүдө 17 өлкөнүн жарандары ПЦР анализин тапшырбайт. Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетованын токтому менен Кытай, Түштүк Корея, Жапония, Грузия, Таиланд, Венгрия, Индия, Германия, Чехия, Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары, Беларус, Түркия, Египет, Украина, Нидерланды, Орусия мамлекеттеринин жарандары Казакстанга кирерде дене табы өлчөнүп, анкета толтурушат. 

Ал эми Польшадан, Өзбекстандан, Тажикстандан келгендер беш күндүк аралыкта тапшырылган ПЦР анализинин таза экенин билдирген маалымдама бериши керек. Ал жок болсо 48 саат ичинде кайрадан анализ тапшырууга тийиш. Ушундай эле талаптар өлкөнүн аба каттамдары жандана элек башка мамлекеттердин жарандарына да коюлат. Казакстан бийлиги келерки жумадан тартып Бириккен Араб Эмираттары, Беларус, Германия, Нидерланды, Египет, Украина жана Орусия менен аба каттамдарын жандантуу максатын билдирген. Түркия менен каттамдар 1-сентябрдан тарта кайра ишке кирет.