Бишкек шаарында дагы 4 күндүзгү стационар жабылды - Кыргызстан жаңылыктары
Новость www

Бишкек шаарында ооруп кайрылгандардын саны азайганына байланыштуу бүгүнтөн тарта 4 күндүзгү стационар ишин токтотту. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Билдирүүдө айтылгандай, бүгүн “Газпром” комплекси, “Чыгыш – 5” кичирайонундагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектеби, №68 мектеп-гимназиясы жана №96 орто мектеп стоциоанардык ишин токтотот. “Акыркы суткада 6 стационарга медициналык жардам алуу үчүн 150 тургун кайрылган. 

Жалпы 100 миңден ашык жаранга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми шаардык поликлиникаларда жана кызыл аймактарда 2 миң 247 медик кызмат өтөөдө”, - деп айтылат маалыматта.