Коронавируска каршы күрөшүү үчүн алынган насыялардын төлөө мөөнөттөрү белгиленген
Новость www

Каржы министрлиги Азия жана Ислам Өнүктүрүү Банктары жана Дүйнөлүк Банк тарабынан берилген каражаттар боюнча маалымат берди. 

Айтымында, Азия Өнүктүрүү Банкы "COVID-19 өзгөчө кырдаалдар" деп аталган долбоордун алкагында 20 миллион доллар бөлгөн. Насыяны төлөөнүн мөөнөтү 40 жыл. Ислам Өнүктүрүү Банкы болсо "COVID-19 шашылыш” деп аталган долбоорго 15 миллион доллар берген. Анын төлөө мөөнөтү 25 жылга уланат. Дүйнөлүк Банк тарабынан берилген 21 миллион доллар насыяны төлөөнүн мөөнөтү 38 жыл деп айтылды. Учурда бул банктардан түшкөн каражатка сатып алуу процедуралары боюнча макулдашуулар жүрүп жатат.