Өткөн сутка ичинде 112 кызматына жалпы 5 825 чалуу катталып, анын ичинен 85 коронавирус боюнча чалуу түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт кою максатында ӨКМ тарабынан өткөн суткада өлкө боюнча 61 400 погондук метр унаа жолдор, 28 000 чарчы метр имараттар дезинфекцияланып, жалпы 1502 адамга ысык тамак-аш берилген.