Кыргызстанда күндөн-күнгө жугуштуу тумоодон айыккандардын саны көбөйүп жатат
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда күндөн-күнгө жугуштуу тумоодон айыккандардын саны көбөйүп жатат. Коронавирус менен пневмониядан жалпы 35 197 адам сакайып, ооруканадан чыгышты. Алардын арасында медициналык кызматкерлер да бар. 

Айта кетсек, бир күн ичинде 4 кызматкер ооруканадан сакайды ал эми 7өө үй карантининде болуп дарыланып жакшы болуп кетти. Республика боюнча COVID-19 илдетинен жалпы 2  363 медициналык кызматкер айыгып чыкты.