«ММК колдоо борбору» фонду Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен, Кыргызстандагы мектеп мугалимдерине медиа-маалымат сабаттуулук жана аралыктан окутуу боюнча интенсивдүү онлайн курска катышуу үчүн сынак жарыялайт.
Долбоордун максаты - мугалимдерди окутуу, жаңы кыйынчылыктарга туруштук берүү жана медиа сабаттуулугун жайылтуу, мектептеги билим берүүнүн циклдери жана медиа сабаттуулук компоненттерин киргизүү, ошондой эле өз предметиндеги медиа сабаттуулугун окутуу жаатында кесиптик билимин кеңейтүү, аралыктан окутуу чөйрөсүндө педагогикалык чеберчиликти жогорулатуу.
Катышуучуларды тандоону «ММК колдоо борбору» фонду Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте конкурстук негизде жүргүзөт. Ошол эле учурда, катышуучунун өз багыты боюнча видео сабактарын андан ары өнүктүрүүгө жана өз жамааттары үчүн аралыктан окутуу, санариптик жана медиа сабаттуулугу боюнча вебинарларды уюштурууга даярдыгы бааланат.