Бишкек: мурун соттолгон жарандын жанынан тапанча, граната табылды
Новость

Баш калаада Ч.М. аттуу жарандын автоунаасын текшерүүдө курал-жарак табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБтин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, "Мазда 626" маркасындагы автоунаадан Макаров үлгүсүндөгү 2 тапанча, граната табылган. Учурда аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.