Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан каза болгон учурлар 20-августта катталган эмес
Новость KTRK/videograp

20-августка карата Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясынан каза болгон учурлар катталган эмес. 

Министрдин орун басары Н.Усенбаев брифингде жарыялаган өлүм учуру 2020-жылдын 19-августундагы маалыматтын эсеп жыйынтыгына киргизилген. 


Саламаттык сактоо министрлиги техникалык ката кетирип алгандыгы үчүн кечирим сурайт. Бүгүнкү күндө каза болгондордун жалпы саны -1054 түзөт.