"Биримдик" партиясынын шайлоого аттана турган кандидаттарынын тизмеси жарыяланды
Новость

"Биримдик" партиясы съезд өткөрүп кандидаттардын тизмесин жана программасын бекитти. Партиянын сап башына төмөнкү кандидаттар жазылды:


1. Акылбек Жаманкулов - партиянын төрагасы. «Альфа Телекомдун»  гендиректору.

2. Улукбек Кочкоров. "Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылыштагы депутаты болгон.

3. Төрөбай Зулпукаров - ЖК депутаты.

4. Евгения Строкова - депутат ЖК. 

5. Талас Бегалиев - Көк бөрү курамасынын мурунку жетекчиси.

6.  Улан Бакасов - ишкер.

7. Сухбатила Мирзаев - Ош шаардык кеңештин вице-спикери.

8. Аида Касымалиева - Жогорку Кеңештин вице-спикери.

9. Талантбек Иманов «ТНК «Дастандын» экс директору.

10. Гульжигит Жумаев - «Кыргызстан Келечеги — Будущее Кыргызстана» партиясынын мүчөсү болгон.

11. Марат Аманкулов - Жогорку Кеңештин депутаты.

12. Нуржан Тынымсеитова - Бишкек шаардык кеңештин депутаты. «Елизавета» курулуш компаниясынын директору.

13. Айбек Алтынбеков - Жогорку Кеңештин депутаты. 

14. Ильгиз Капаров - Ош шаардык кеңештин депутаты.

15. Бакирдин Субанбеков - Жогорку Кеңештин депутаты. 

16. Нурзат Осмонова - Жогорку соттун мурунку төрагасы Курманбек Осмоновдун кызы. 

Кошумчалай кетсек, 24-августтун саат 18:00гө чейин партиялар кандидаттардын тизмесин БШКга каттатууга тийиш. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат. Ал эми шайлоо 4-октябрда болот.