Мектептерде 1-класстар үчүн салтанаттуу линейка уюштурулбайт - Кыргызстан жаңылыктары
Новость www

1-сентябрда республиканын бардык билим берүү уюмдарында 1-класстар үчүн салтанаттуу линейка уюштурулбайт. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда билим күнүндө салттуу түрдө ийкемдүү графикке ылайык, "Сүйүктүү Кыргызстаным" аттуу 1-сабак өткөрүлөт. 

Мындан сырткары нускамада окуу процессин уюштуруу, окуучуну мектепке тосуп алуу шарттары, класс ичиндеги алгоритмдер, танапис учурундагы талаптар, окутуу салттуу жана дистанциялык түрдө жүргүзүүдөгү ата-энелердин милдеттери так жазылган. Анда "Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жана балдардын, педагогдордун, ата-энелердин ден соолугуна кооптуу кырдаал жаратпоо максатында эпидемиологиялык абал турукташканга чейин, 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегинде менчик формасына карабастан, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2-11-класстарда окутуу аралыктан өтөт. 

Ошону менен бирге, 1-класстын окуучуларынын окуу көндүмдөрү калыптандырылбагандыгын эске алып, 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегинде менчик формасына карабастан, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу менен 1-класстарда окутуу салттуу түрдө жүргүзүлөт"- деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек COVID-19 пандемиясына байланыштуу жаңы окуу жылында 1-класстар гана салттуу режимде билим алышат.