БУУ: коронавирус пандемиясы эки жылда бүтөт
Новость www

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясы болжолдуу эки жылга жетпеген убакытта бүтөөрүн айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине уюмдун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус билдирди. 

1918-жылы “испан сасык тумоосу” эпидемиясы 2 жылга созулган. Гебрейесус ал эпидемия менен салыштырганда, ДССУнун көптөгөн технологиялары бар экендигин белгиледи. Эскерте кетсек, 11-мартта ДССУ коронавирус инфекциясын пандемия деп жарыялаган.