Монголияда коронавирус менен ооруган адамдардын 97 пайызы айыкты
Новость www

Монголияда коронавирус менен ооруган адамдардын дээрлик 97 пайызы айыкты. Акыркы сутканын ичинде дагы 5 адам ооруканадан сакайып чыккан. Жаңы бейтаптар жана адам өлүмү катталган эмес. 

Расмий маалымат боюнча, учурда 10 адам дарыланып жатат. Пандемия башталгандан бери Монголияда жалпы 298 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын баары өлкөгө сырттан баргандар. Учурда 288 адам айыгып чыкты. Өлкөдө бул оорудан адам өлүмү катталган жок.