Жалал-Абад облусунда оорунун көрсөткүчү азайбай жаткан аймактарда чектөөлөр мурдагыдан да күчөтүлөт. Бул тууралуу облус башчысы Нурболот Мирзахмедов ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Учурда Сузак, Аксы жана Ала-Букада коронавируска чалдыккан бейтаптардын саны төмөндөгөн жок. Мындан улам ооруну мындан ары жайылтып жибербөө максатында ыкчам чараларды кабыл алуу тапшырмасы берилди. Ага ылайык оору катталган даректерди тактоо менен ага карата карантиндик чектөөлөр кабыл алынмай болду.
Ага кошумча, башка аймактарда чакыруулардын саны азайгандыктан, мобилдүү топтор кыскарат. Жалал-Абад облусунда 4 миңден ашык тургун вируска чалдыккан.