Борбор калаада биометрикалык маалыматтарды каттоо иштери башталды - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Борбор калаада 24-августтан тарта биометрикалык маалыматтарды каттоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, ар бир жаран биометрикалык каттоодон өтүүгө милдеттүү. Андыктан жашы 16дан өткөн, жеке маалыматтарын тапшыра элек жарандар Биринчи май районундагы "Тазалык" ишканасынын базасында, Свердлов району боюнча Дордой жаңы конушундагы № 94 орто мектепте, Октябрь районундагы акимчиликтин имаратында жана Ленин районундагы № 57 орто мектепте каттоодон өтсө болот. Мэрия жарандардын жанында сөзсүз түрдө паспорту болушу керектигин эскертет.