Пандемия башталгандан тартып, Ош шаарында санитардык нормаларды сактабаган ишкерлерден 1 млн. сомдой айып пул чогулган. Эреже негизинен тамактануучу жай, дүкөн, кафе-ресторандардын кожоюндары тарабынан бузулган. Бул туурасында шардын вице-мэри Асылбек Топчубаев онлайн-брифингде билдирди.
Айтымында той-маарекелерди өткөрүүгө расмий түрдө уруксат берилген эмес, массалык иш-чараларды өткөрүүгө жол бергендерге катуу чара көрүлөт. Мындан сырткары, тойлорду өткөргөндөрдү тартипке чакыруу максатында тынымсыз рейддер жүргүзүлүүдө. Ош шаарында 25-августка карата коронавируска кабылгандардын саны 3 миңден ашты. Учурда 33 адам дарыланууда. Калаада буга чейин ачылган убактылуу 15 стационар жабылып, учурда 2 обсервация бир изолятор иштеп жатат.
"Учурдан пайдаланып шаар тургундарына кайрылып кетет элем, эгерде ушундай той аш өткөрүп жаткан жайлар болсо бизге мэрияга же аймактык башкармалыктардын жетекчилерине кабарлап коюңуздар. Сөзсүз чара көрүлөт",- деп билдирди Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев.