Карантинден кийин жардамга муктаждардын саны көбөйүүдө. Чакан бизнеси бар айрым ишкерлер учурда карыздап жашоого аргасыз болууда. Адамдар жашоо үчүн күрөшүп жаткан чакта өнүгүү мүмкүнбү деген суроо жаралат.
Калктын кирешесин көбөйтүү үчүн талдоочулар экономиканы жандандыруу сунуштарын берүүдө. Баарын базар экономикасы өзү аныктайт деп экономиканы жерге таштап койгон кайдыгерликтен улам, өнүгүү жолубуз кечеңдеген дешет.
Учурда көмүскө экономиканы кошпогондо 450 млрд сомдой каражат экономикада жүгүртүүдө. Бирок ал акчанын 80 пайызы кайра эле импорт товар алууга коротулуп, башка өлкөлөрдүн экономикасын өстүрүүдө. Калкты жакырчылыктан чыгаруу үчүн, биринчиден, ички товар өндүрүүчүлөргө максималдуу шарт түзүү зарыл. Бул экономикалык чынжырдын ичинде жумуш орундары түзүлөт, импорттун орду өз товарларыбыз менен алмашат, экспорт жогорулайт, натыйжада бюджет толукталат. Анын артынан бир топ социалдык маселелер чечилет. Бул багытта социалдык-экономикалык программалар жазылган.