Жума намаздары окулуп баштайт. Мечитке келүүдөгү талаптар (тизме)
Новость KTRK/videograp

Жума намазына чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу, санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге жума намаздары ушул жума күнү, 28-августтан тартып окулуп башталат. Мечитке келгенде сактык чараларын жана талаптарды сактоо зарыл экендигин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эскертет. 

Мечитке келгенде төмөнкү талаптарды сактаңыздар: 

-Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын  беткап тагынуусу талап кылынат.

-Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынат.

-Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо жана мечиттин сыйымдуулугунун 50% ашпоосу зарыл.

-Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

-Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү.

-Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп  жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат.

-Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү сунушталат.

-Саат 13:15 де жогорудагы талаптарды түшүндүрүү, ынтымакка,  биримдикке жана сабырдуулукка чакыруу иштерин жүргүзүү.

-Жамаат намаздары ачык абада  мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат.

-Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.