Борбор калаада коронавирустун жайылышы дагы деле курч бойдон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди. Айтымында, жай турмушка кайтууга азыр эртелик кылат. Ошондуктан шаар тургундары санитардык-гигиеналык талаптарды аткарууну дагы деле улантышы абзел.