Санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча жарандарды окутуу иштерин күчөтүү зарыл. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирип, бул багыттагы иштерди Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ыкчамдатуу тапшырмасын койду. Аны менен бирге жыйында орто жана чакан бизнести колдоо, пандемиянын экономикалык таасирин жөнгө салуу боюнча да маселелер талкууга алынды.