Коронавирустан качан кутулабыз? Адистин жообу
Новость

Учурда өлкө боюнча эпидемиологиялык абал турукташып, ооруканадан дарыланып чыккан адамдардын саны күн санап өсүүдө.  Дүйнөлүк  статистикага көз чаптырсак, чет өлкөлөрдө дагы аталган жагдай турукташып жатканы байкалууда.

Медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева  аталган кырдаал боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди.

“Бүгүнкү күндө ооруканалар штаттык негизде иштеп жатат. Ар бир оорукана өзүнүн багыты менен иш алып барууда. Ал эми жугуштуу оорулар бөлүмү коронавирус илдети менен ооругандарды кабыл алып жатат. Дүйнө жүзүндө илдет толугу менен кете элек.

  Жогоруда айткандай, көпчүлүк оору жоголду деген таризде эрежелерди так сактабагандыгынан улам экинчи толкун кайталанууда.  Өнөкөт оорулары бар, организми алсыздарда бул оору бат өөрчүйт. Жашы улгайган бирок өнөкөт оорулары жок, дайым кыймылда жүргөндөрдө оору кадимки формада өтөт. 

  Негизи медицинада бир оору менен ооругандан кийин адам баласынын организми алсыз болуп калат. Андай организмди калыбына келтирүү оңой эмес.  10-15 күн дарт менен  алышкан адам 2-3 айдан соң өзүнө келет. Тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү, туура эмес тамактануу, аз кыймылдуулук  бул көп ооруга алып келчү факторлор.  Жогоруда келтирилген мисалдарды коронавирус менен ооругандан кийин колдонуу бузулган клеткалардын жарактан чыгуусуна көмөкчү болот.

  Алсак, оору медицинада тээ мурда катталган. Бирок элге кенен жайылганы тажрыйбада  быйыл болду десек жаңылышпайбыз.  Ал эми бүгүнкү  күндө дүйнө жүзү жана   Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо  уюму баш болуп бул ооруну изилдөө жүргүзүп атат.

  Антителаларга токтолсок, дем алдыруу органдарын  сезгенткен бир эле коронавирус вирусу эмес, жүздөн ашуун түрү бар. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы кээ бир жерлерде  кайчы пикирди туудурат.  Бардык эле вирустар  сыяктуу аталган вируска дагы антителалар пайда болот. Бирок ошол антителалардын туруктуу же туруктуу эмес экендиги суроо туудурат.  Албетте, азыр изилдөө иштери так бүтө элек , демек, такталбаган маалымат таратуудан алыспыз.

   Ооруп айыккан жарандар санитардык эрежелерди туура, так сактабай коюп ооруну жайылтканга чоң өбөлгө түзүп коюшу толук мүмкүн.  Оору толук түрдө бүттү деген тастыкталган маалыматтан кийин гана биз коргонуу каражаттарын колдонбой койсок болот. Ага чейин милдеттүү түрдө бет кап тагынып, антисептикалык каражаттарды тынымсыз колдонуу кажет. Жарандар жарандык милдетин так аткарып, өздөрүн сактаса оорунун жайылышы кескин азаят.

Жалпы калкка кайрылат элем, көп кыймылда болуп, туура тамактанып, жөө басууну адатка айлантса, иммунитетти чыңдаса деги эле бул оорудан эмес, бардык оору түрүнөн алыс болмокпуз. Убакыттан пайдаланып, илдеттин туу чокусунда дагы өз өмүрүн тобокелге салып, эрдик көрсөткөн ак халатчандарга ыраазычылык билдиргим келет”.