Испанияда коронавирустун экинчи толкуну башталганы кабарланууда. Анткен менен илдет мурункудай кооптуу болбой жеңилирээк өтүп жатканын окумуштуулар айтышууда.
Бул пикирди профессор, микробиолог Гильермо Мартинес да карманууда. Анын белгилөөсүндө экинчи толкун алсыз болуп, бийлик ар кандай чектөөлөргө барбай деле койсо болот.
Белгилей кетсек Испанияда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 412 миң адамга жетти.