Коронавирустун үчүнчү толкуну болушу мүмкүн экенин Россиянын Илимдер академиясынын академиги Михаил Пальцев "Парламентская газета" басылмасына берген маегинде билдирди. Айтымында, COVID-19 жай айында азайып калганы менен күздө экинчи толкуну болушу мүмкүн.
Демек, келерки жазда дагы кайталануусу толук ыктымал. Академик эске салгандай, буга чейинки вирустук пандемиялардын бардыгы үч толкун менен өткөн. Болгондо дагы экинчиси биринчисинен күчтүүрөөк болот. Үчүнчүсү калган экөөнөн алдаганча алсыз. Муну окумуштуулар калктын 60 пайыздан ашыгы вирус жуктуруп, сакайгандан кийин иммунитеттин пайда болушу менен түшүндүрөт. Учурда кыргыз өкмөтү да экинчи толкунга даярданууда.