Саламаттык сактоо министрлиги вакциналарды жана иммундук-биологиялык дарыларды сатып алууга тендер жарыялады. Тендердик документтерге ылайык, сатып алууга 226 миллион 989 миң сом каралган. Министрлик сасык тумоого, пневмококко каршы жана кене аркылуу жуккан вирустук энцефалитке каршы иммуноглобулин сатып алууну көздөп жатат. Тендердик арыздарды 21-сентябрга чейин тапшырса болот.