Алматыда карантиндик чектөөлөрдү жумшартуу тууралуу токтомго кол коюлду. Ага ылайык, калаадагы театрлардын, китепканалардын, музейлердин, диний объектилердин, бассейндердин жана спорттук комплекстердин ишине уруксат берилет. Мындан тышкары окуучуларынын саны 180ден ашпаган мектептер ачылып, аларга бир класста 15тен көп эмес бала отурушу керек деген талап коюлат.
Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү мекемелериндеги нөөмөт класстардын иши калыбына келтирилет. Ошол эле маалда дем алыш жана майрам күндөрү шаардагы соода жана көңүл ачуу жайлар, базарлар фитнес-борборлор, сауналар жана диний объектилер жабылып турат.
Белгилей кетсек Казакстанда эпидемиологиялык абал курчуп кеткенине байланыштуу 5-июлда экинчи жолу карантиндик чектөөлөр киргизилген. 17-августтан тартып айрым чектөөлөр акырындык менен алына баштаган. Өлкдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 105 872ге жетти.