Россияда COVID-19 менен ооругандардын саны 1 миллиондон адамдан ашты. 1-сентябрга карата 4 729 кишиден вирус аныкталса, 123 адам каза болду. Бирок адистер Россияда өткөн айларга караганда оору басандай баштаганын айтышууда.
Кечээтен баштап өлкөдө мурда карантинге жабылган мектептер менен жогорку окуу жайлар кайрадан ачылып, иштей баштады. Коронавируска каршы күрөш боюнча ыкчам штабдын маалыматында Россия Федерациясы боюнча коронавирус инфекциясынан 17,5 миң адам каза болду.