Кытайдын илимпоздору Covid-19 инфекциясы канализация түтүкчөлөрү аркылуу тарашы мүмкүн экенин айтууда. Окумуштуулар бош турган батирдин жуунучу бөлмөсүнөн коронавирус табышкан.
Ага чейин ошол батирде жашаган 5 кишиден да коронавирус аныкталган. Илимпоздор аталган жуунучу бөлмө жана батир жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 10-12-кабаттарында коронавирустун аэрозолдук бөлүктөрүн табышкан.