Жаз айында дүйнө жүзүн каптаган коронавирус пандемиясына каршы күрөш уланып жатканда, айрым өлкөлөрдө жаш балдар арасында өтө сейрек кезиккен “кавасаки” сыяктуу синдромдун көбөйгөнү байкалган.
Ушул мезгилге чейин толук изилденип бүтө элек илдет, кан айлануу системасына таасирин тийгизип, инфаркт же инсультка алып келерин окумуштуулар эскертүүдө.
Жакынкы күндөрдө, жаңы эле коронавирус инфекциясынын катуу толкунуна кабылган Борбор Азиядагы айрым өлкөлөргө, бул оору акырындап жайылып жатканын маалымат булактары жазып чыгууда. Коңшулаш Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү кавасаки оорусу менен катталгандардын саны 16га жеткенин билдирген.
Ал эми, Кыргызстанда абал кандай? Бул илдет менен күрөшүүгө даярбызбы? КТРКнын "Замана" таңкы студиясында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Оорунун алгачкы белгилери тууралуу, биз дагы массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Кавасаки көп органдарды жабыркатат. Алардын ичинен жүрөк, өпкө органдарында коркунуч чоң. Жаз айынан бери биз дагы тийиштүү мекемелерге коңгуроо кагып келебиз. Анткени бул синдромдун бир эле дарылоо курсу 200 миңге чейин жетет. Ар бир ата-энеде мындай каражат жок. Бирок Каржы министрлиги ушул мезгилге чейин биздин берген сунушту канааттандыра элек. Жалпы учурдагы абалды айтсак, биз кавасаки оорусун дарылаганга даяр эмеспиз".