Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү кырдаалга жараша окууну салттуу режимде калыбына келтирүү үчүн бир нече варианттарды даярдап койгон. Бул тууралуу «Ала-Тоо-24» каналынын "Кеч эмес" көрсөтүүсүндө аталган мекеме жетекчисинин орун басары Надира Джусупбекова билдирди.
Маалым болгондой, эпидемиологиялык абал турукташаары менен биринчилерден болуп, 2-5-9-11-класстардын окуучулары мектепке келип окуй башташат.
Надира Джусупбекова кошумчалагандай, алдыдагы планга жараша алгачкылардан болуп 2-класстын окуучулары, анан 5-9-11-класстар мектепке келип окушат.
«Анткени, 2-класттын окуучулары болгону буга чейин бир жыл окушкан, ал эми 9-11-класстар — бүтүрүүчүлөр. Негизи окуучулар канчалык реалдуу форматта мектептен окушса, ошончолук өздөрүнө ишеним, жакшы натыйжа болот. 5-класстар — өткөөл учур, алар башталгыч класстан кийин орто звенодо окушуп, жогорку класстардын катарына киришет. Бул класска бардык сабактардан, ар башка мугалимдер сабак берип баштайт. Ошондуктан буларга да кыйын учур», — дейт ал.
Бирок, министрдин орун басары баса белгилегендей, эң негизгиси — балдардын, мугалимдердин жана ата-энелердин коопсуздугу.
Эске салсак, 1-сентябрдан баштап 1-класстын окуучулары гана мектептен окушууда, калган класстардын окуучулары жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин онлайн режиминде аралыктан окушууда.