Кыргызстанда COVID-19 илдети 1120 баладан табылды. Республикалык штабдын маалыматына караганда, алардын 117си бир жашка чейинки наристелер.
Алардын 354ү бир жаштан 5 жашка чейинки балдар. 6-14 жашка чейинкилер 649 баланы түзгөн. Буга чейин Санжарбек Данияров атындагы Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова Кыргызстанда балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурлары кездешип жатканын билдирген.
Дартты аныктоо жана дарылоо аракети протоколго киргенин айткан. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1 миң 60 кишиге жетти. Илдетке чалдыккандардын расмий эсеби 44 миң 36 адамды түзүп, анын 38 миң 895и айыкты. Азыр стационарларда 670, үй шартында 4 миң 799 бейтап дарыланууда.