Кыргызстанда бир күндө 246 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Көбү Бишкек шаарынан. Айыккандардын жалпы саны 38 миң 895 болду. Каза тапкандар болгон жок.
Азырынча эпидемиологиялык абал турукташты дегенге эрте болгондуктан, эрежелерди сактоо зарыл.
Акыркы убакта Кыргызстанда коронавирус менен пневмониядан айыккандар көбөйүүдө. Оорудан сакайгандардын жалпы саны 38 миң 895ге жетти. Илдеттен бир күндө 246 адам айыгып, ооруканадан чыкты.
Ал эми ооруканаларда 670, үй шартында 4 миң 799 адам дарыланып жатат.
Каза болгондор өткөн сутка ичинде катталган жок. Бирок бул КОВИД-19 вирусу жок болду дегенди түшүндүрбөйт. Ал дагы деле биздин арабызда кетпей жүрөт. Абайлап ар бирибиз сак болбосок, кайрадан жуктуруп алышыбыз мүмкүн-дейт дарыгерлер.
Пандемия басаңдады деп эрежелерди сактабай жаткан айрым өлкөлөрдө короновирустун кайрадан күч алуусу байкалууда.
Арабызда бет кап тагынып сактык эрежелерин аткарбагандар азайып бара жаткандыгына дарыгерлер кабатыр болууда. Азырынча эс алып, жайдары болууга али эрте дешет. Өзгөчө коомдук жайларга барганда бет кап тагынып, аралыкты сактап жүрүүнү эсибизден чыгарбайлы деп эскертет -адистер.